Ошол Ак-Белге келип такалган мелтилдеген боз атам замандан соко тиши тие элек (Өмүрбаев).
Небак мурда, илгертеден, башынан эле, көп мезгил мурун. Кара ниеттик менен ак ниеттик атам замандан бери кармашып келе жатыптыр (Бердикеев). Сен атам замандан бери адам менен жан-жаныбарлардын шоруна чыйкан болуп чыктың го (Жигитов). Атам замандан бери кыргыз эли көлдү баарлап, көл боюнда жашап келе жатат («Жаштык жырчысы»).